БЕТИ КУРУСУН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өтө жагымсыз, начар ишти, абдан коркунучтуу же жийиркеничтүү абалды, жамандыкты билдирүүдө бирөөгө наалат айтуу маанисинде колдонулат. - Бети курусун ... биз го баш-учунда болгонубуз жок, уккандар айтат (Касымбеков). Эсим оой түштү. Экөөнүн колун боорума басып турам. О-о, ал күндүн бети курусун. Өпкө-боорум куушурулуп, ичим куйкаланып баратат (Өмүрбаев).