Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Айтканга көнбөө, моюн сунбоо, чендетпөө, жолотпоо. - Койгула, аралашпагыла! - деп Кален бет бактырбай тыйып салды (Укаев). Алкынган албуут катын тажаалданып, Алмакемди бет бактырбайт (Сыдыкбеков). 2. Бет алдыдан ургулап катуу тосколдук кылуу, баш көтөртпөө (көбүнчө бороон-чапкын, жамгыр, карга карата). Түн эле, Кар чапкындап элеп турду, Борошо бет бактырбай демеп турду (Аалы). Бет бактырбай турган бороон.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айтканга көнбөө, моюн сунбоо, чендетпөө, жолотпоо. – Койгула, аралашпагыла! – деп Кален бет бактырбай тыйып салды (Укаев). Алкынган албуут катын тажаалданып, Алмакемди бет бактырбайт (Сыдыкбеков). 2. Бет алдыдан катуу тоскоолдук кылуу, баш көтөртпөө (көбүнчө бороон-чапкын, жамгыр, карга карата). Түн эле, Кар чапкындап элеп турду, Борошо бет бактырбай демеп турду (Токомбаев). Бет бактырбай турган бороон. В.: Бет алдырбоо. Көкөнү балдар үйүнө жиберели деп, бир мугалим келген. Бирок, Шекер аны бет алдырбай койду (Касымбеков).