Макул болуу, багынуу, моюн сунуу. Баатырдын бирөөгө баш ийип, ыйлаганы уят (Жантөшев). Биз жоого кол куушуруп, баш ийбейбиз, Күңгүрөп жер козголуп, ай батса да (Маликов). Бул өмүрүмдө эч кимге баш ийбедим (Жантөшев). Чындап баш ийгенин байката, бутун солбуй чөгөлөй комдонду (Бейшеналиев).
Моюн сунуу, багынуу, айтканына, талабына макул болуу, көнүү. Бул өмүрүмдө эч кимге баш ийбедим (Жантөшев). Чындап баш ийгенин байката, бутун солбуй чөгөлөй комдонду (Бейшеналиев). - Байым башынан мыйзамга баш ийген адам (Сыдыкбеков).