Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Башкаруу, башчылык кылуу, баштоо. Бөтөнчө ага умтулган Касымбек. Анын максаты Коңорчок, Тогуз-Торого чейинки элге баш болуп келген Келдибек тукумунун жолун торгоо (Бейшеналиев). Кара баркут кемселчен Саякбай акенин директор баш болгон бир топ мугалимдер ээрчитип келди (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башкаруу, башчылык кылуу, баштоо. Бөтөнчө ага умтулган Касымбек. Анын максаты Коңорчок, Тогуз-Торого чейинки элге баш болуп келген Келдибек тукумунун жолун торгоо (Бейшеналиев). Кара баркут кемселчен Саякбай акени директор баш болгон бир топ мугалимдер ээрчитип келди (Осмоналиев). Бир айылга баш болуу. 2. Баштоо. Култай баш болуп анын артынан ээрчий басышты (Абдукаримов).