Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоңоё элек, өсүп жетиле элек, турмуштун ачуу-таттуусун башынан өткөрө элек, өтө жаш. Байымбет балапан жүнү бата электе, жаштайынан жетимдиктин үстөкө-босток соккусунан жилкини түгөнүп, маанайы пас жүргөн... (Бейшеналиев). В.: Балапан түгү түшө элек. Сурма бетинен балапан түгү түшө элек, ак жуумал, уяң көз, бир мүнөздүү он беш жашар кыз (Бейшеналиев). Чырымтал жүнү түшө элек, Оозунан сүтү кете элек (фольк.).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чоңое элек, өсүп жетиле элек, турмуштун ачуу-таттуусун башынан өткөрө элек, өтө жаш. Байымбет балапан жүнү бата электе, жаштайынан жетимдиктин үстөкө-босток соккусунан жилкини түгөнүп.. маанайы пас жүргөн... (Бейшеналиев).