этиш. Этият кылуу, абайлоо; аялдоо. [Каныбек].. вагондун туткасын кармап, сол бутун аярдап келип тепкичке койду (Жантөшев).
1. медлить, мешкать;
бир аз аярдай калып несколько помешкав, подождав;
аярдабай аттанып кетти не медля, он сел на коня и уехал;
2. действовать осторожно, осмотрительно; применять уловки, изловчаться;
сыр найзаны таянып, издей басып аярдап фольк. опираясь на крашеную пику и осторожно выслеживая;
аярдап терезени чертти: "тык-тык" стих. осторожно постучал он в окно: "тук-тук";
аярдап бас иди осторожней.
1. Этият кылуу, абайлоо, чебердөө. Кузьма көчүгүн басып, колундагы түйүнчөгүн жерге аярдап койду (Сасыкбаев). 2. Токтоо, күтө туруу, аяңдоо, аялдоо. Баягы Гаврил айткан эки айрылышка келгенде, тору аярдай калды (Элебаев). Аярдабай аттан деп, Кудаке аралап элди кирди дейт («Олжобай менен Кишимжан»).
возвр. от аярда-,
то же, что аярда-;
ат откоруп тынч алып, аярданып турбайлы фольк. не будем медлить, отдыхая и кормя коней.
аярдан-, аярлан-; аярданбай, аярданган,
аярланбай, аярланган
аярда этишинин өздүк мамилеси. Ат откоруп, тынч алып Аярданып турбайлы («Олжобай менен Кишимжан»). Аста басып аярданып, Тура турчу, сулуу кыз (фольк.).
аярда этишинин аркылуу мамилеси.