I этиш. Теринин ички бетине ашаткы сыйпап күнгө коюп, терини иштетүүгө даярдоо.
АШАТ II этиш. 1. Сугунтуу. Эт ашат, ашатсаң, беш ашат (жаңылмач).
2. өт. Жаман сөздөр менен тилдөө, сөгүү. Айдараалы Тоозакты абдан ашата тилдеп баратты (Абдукаримов).
ашат- I
квасить (кожу).
ашат- II
понуд. от аша- I
1. угощать кого-л. собственноручно, кладя ему в рот пищу;
эт ашат, эт ашатсаң беш ашат скороговорка давай в рот мяса, если даёшь в рот мяса, давай пять раз;
2. перен. изругать;
албууттанып кээде ар кимди ашатып сөгө да берди разбушевавшись, он иной раз всех ругал отборной бранью;
сени аябай ашатты, ошого жооп бериш керек эле он тебя облил помоями (неприличной бранью и т.п.), тебе следовало бы ответить ему.
Кыргыз тилинде териге улпак аралашкан ачыган айранды сүйкөп коюуну ашатуу дейт. Бул сөз уйгур жана өзбек тилинде ашла болуп колдонулат. Ушуга караганда кыргызча ашат сөзү аш+ат бөлүктөрүнөн турат. Анын аш уңгусу алгачкы аш «тамак» маанисиндеги сөздүн маанисинин өнүгүшүнөн келип чыгышы мүмкүн. Болжолу, улпак кошулган айран да аш делип аталган. Мына ошол сөзгө этиш жасоочу -ла мүчөсү жалганып, ашла сөзү келип чыккан. Кыргыз тилинде үнсүздөрдүн ээрчишүүсү боюнча ал ашта болмок, бирок -та мүчөсүндөгү тыбыштар метатезаланып, ашта түрүнөн ашат түрүнө келип калган.
Териге ашаткы төгүп, күнгө коюу; терини ийлөө, иштетүү үчүн даярдоо.
1. аша I этишинин аркылуу мамилеси. 2. өт. Жаман сөздөр менен аябай сөгүү, тилдөө. Айдараалы Тоозакты абдан ашата тилдеп баратты (Абдукаримов). Ата-бабасын, оозу-мурдун койбой жерге житире ашатты (Бейшеналиев).
закваска, запарка (для выделки кожи).
зат. Терини ашатуу үчүн пайдаланыла турган ачыган айрандын, улпактын ж. б. аралашмасы. Кырк эчкинин. териси Ашаткыга жатыптыр, Чыгы менен катыптыр («Манас»).
«Кырк эчкинин териси, Ашаткыга жатыптыр, чыгы менен катыптыр» («Манас») Терини ашатуу үчүн пайдалануучу жарма, ачкыл, айран жана улпактын аралашмасы.
Жаңы сыйрылган терини жайып, күнгө бир аз тоборсуган соң анын чел этин алуу үчүн жандыктыкына (кой, эчки, кийик) орок, бодонукуна (төө, уй, топоз) кол күрөк керектелет. Жарма, айран, улпактын аралашмасы ашаткы болуп эсептелет. Адатта, ачыган айранга кара тузду жана улпакты, кээде ачкыл жарманы аралаштырып, жандыктын терисинин бетине бирдей жайып, күнгө коет. Же жандык союлары менен туз сээп, күнгө кургатат. Анан ун аталасына айрандан кошуп, же кошпой деле өзүнчө жалатып, 5—6 күнчө бүктөп коет. Тырмап көргөндө эти сыйрыла из түшүп калганда, терини жууп туруп, коңур кургак кылып кургатат.
Бетине 5—6 күн ашаткыны жаңылап, күндүн илеби сууганча жайып, кайра алып, бүктөп койсо, күнгө жайылган жандыктын терилери ийине бат келет. Бул ыкмалар «терини ашатуу» деп аталат. Тери ийине келгенде нымыраак бойдон баканга арта салынып, көлөкөгө жайылат. Ашатуу — терини колдоо иштетүүнүн алгачкы аракети.
Тери ашатуу үчүн пайдалануучу ачкыл айран менен улпактын аралашмасы же ачкыл жарма. Кырк эчкинин териси Ашаткыга жатыптыр, Чыгы менен катыптыр («Манас»).
Ашаткысы бар, ашаткы сүртүлгөн. Ашаткылуу тери.
понуд. от ашат- I
заставить квасить;
тери ашаттыр- приказать квасить кожу.
ашатуу I, II
и. д. от ашат- I, II.
ашат этиштеринин кыймыл атоочу.
ашат I этишинин кыймыл атоочу.
Ашатылган, ашаткы сүртүлгөн. Ашатылуу терилерди бирден алып, ашаткысынан арылтып, тарткы менен таарый баштады (Үсөн).