ар.
хашар; "помочь" (взаимопомощь путём предоставления рабочего скота и собственкой силы).
зат. Өз ара жардамдашуу иретинде берилүүчү кол кабыш, көбүнчө эл чакырып тамак-аш берип, кандайдыр бир ишти бүтүрүүгө жардамдашуучулук. Ашарга журтун жыйдырып («Манас»).
«Арабча хашар этиши «чогултуу, жыйноо» маанисин берет (АРС, 219). Андан хашр деген зат атооч жасалат да, «чогулуш, жыйын» деген маани билдирет. Мына ушул сөз кыргыз тилине ашар түрүндө кабыл алынып, «элди жыйнап, ошолордун күчү менен ишин бүтүрүп алуу» деген маани берип калган» (Сейдакматов 1988:36).
Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө: килем токууда, чий чырмоодо, өрмөк согууда, кереге көктөөдө, там салууда чеберлердин — адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду жана үйдү бүтүрүү салты, бир иштин соңуна чыгуу аракети. Ал мүмкүнчүлүгүнө карата бардык убакта чакырылат да, бул биргелешип уздануунун-узануунун, жардам берүүнүн сонун үлгүлөрүнөн болот. Ашар иштин арымын аябай тездеткен. Мында устаттар — нускоочулар, байбичелер, куттуу карыялар үйрөнгүчтөргө жол, таалим-тарбия көрсөтүп турушат. Буга келгендерди үй ээси мал союп, жайыл дасторкон менен жакшынакай күтүнүп алат. Мисалы, килем токууга келген көпчүлүк аз күндүн ичинде эле (4,5 мХ2,4—3) «төр килемин» токуп коюшат.
Кандайдыр бир жумушту бүтүрүп алыш үчүн көпчүлүктү чакырып, тамак-аш берген адамга кол кабыш кылуу, жардамдашуу салты. Ашарга журтун жыйдырды («Манас»).
Арабча хашар этиши «чогултуу, жыйноо» маанисин берет (АРС, 219). Андан хашр деген зат атооч жасалат да, «чогулуш», «жыйын» деген маани билдирет. Мына ушул сөз кыргыз тилине ашар түрүндө кабыл алынып, «элди жыйнап, ошолордун күчү менен ишин бүтүрүп алуу» деген маани берип калган.
1. Коңуз, курт сыяктуулар. 2. Боору менен жылып жүрүүчүлөр.
АШАРСУУ — эпизоддук кейипкер, калмак баатыры, Панус кандын жээни. А. кыргыздын жылкысын тийип алып, Манас менен согушуп жеңилет да, тартуу тартып жарашат. Манастан Алооке кандын зомбулугунан сактап калуусун өтүнөт.
участник хашара (см. ашар).
зат. Ашарга катышкан киши.