Адам жүрбөс ач белде, кузгун учпас куу көлдө, Сен экөөбүз тең өлдүк («Эр Төштүк»).
к.
АЧ БЕЛ, КУУ ЖОН - Ач бел, куу жолдо калат деген ушубу? («Кыргызстан маданияты»). Сендей пейли тарлар ач бел, куу жолдо калып, өлгөн эшектин кулагын бышырып жейт! - деди Куйручук (Бектенов).
Эч айла табылбаган катаал шарт, жер шартынын катаалдыгы, кыйынчылык, азап-тозок. Башың баш, багалчагың кара таш! Ач бел, куу жондо өл! (Айтматов). Ажың кабылдабай эрме чөлдө сөөгүң сөпөт, ач бел, куу жондо калсаң эмне! (Бейшеналиев). Тукумуңду жерибе, ач бел, куу жонго таштаба, агыны катуу суудан сакта, ниети бузук жоодон сакта (Айтматов).
Эч айла табылбаган катаал шарт, жер шартынын катаалдыгы, кыйынчылык, азап-тозок. Башың баш, багалчагың кара таш! Ач бел, куу жондо өл! (Айтматов). Ажың кабылдабай эрме чөлдө сөөгүң сөпөт, ач бел, куу жондо калсаң эмне?! (Бейшеналиев). Тукумуңду жерибе, ач бел, куу жонго таштаба, агыны катуу суудан сакта, ниети бузук жоодон сакта (Айтматов). В.: Ач бел, куу жол. – Ач бел, куу жолдо калат деген ушубу? («Кыргызстан маданияты»). Сендей пейли тарлар ач бел, куу жолдо калып, өлгөн эшектин кулагын бышырып жейт! – деди Куйручук (Бектенов). Ач бел. Адам жүрбөс ач белде, кузгун учпас куу көлдө, Сен экөөбүз тең өлдүк («Эр Төштүк»).