Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. I. Алга катуу умтулуу, катуу умтула жөнөө, жулкуна умтулуу, окторулуу. Шиберди жойкуп атырылган жылан Динарга өтө коркунучтуу элес калтырды (Сыдыкбеков). Арышын керип тайгандар Атырылып жүгүргөн (Үмөталиев).
  1. 2.                  Окторулуп оргуштоо, катуу оргуп чыгуу, катуу агуу. Булактын суусу атырылып чыгып жатат. Тоо суусу атырылып агып жатат.
  2. 3.                  Жулкунуу, адыраңдоо, адыраңдап өкүм сүйлөө. — Сиз жөнү жок эле атырыла бересизби? (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о лошади) скакать крупным карьером;
2. вскочить; ринуться;
атырыла туруп, маңдайына турду вскочив, он встал против него;
атырылып чыкты он выскочил (напр. из двери); он вылетел бомбой;
3. перен. наскакивать; набрасываться с бранью.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Катуу оргуштап чыгуу, оргуп агуу. Атырылган фонтан. Булактан атырылып чыккан көк кашка суулар топтолуп, чоң өзөндү жарат («Ала-Тоо»). 2. Алга карай катуу умтулуу, жулкунуу, окторулуп жөнөө, жүгүрүү. Шиберди жойкуп атырылган жыландар Динарга өтө коркунучтуу элес калтырды (Сыдыкбеков). Арышын керип тайгандар Атырылып жүгүргөн (Үмөталиев). 3. Өкүм сүйлөө, опурулуу, адыраңдап тумшугу менен бир тийүү. Сиз жөнү жок атырылбаңыз, айып кимде экенин угуңуз («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от атырыл-;
жарманы атырылтып кайнатып жатты он так кипятил жарма (см. жарма I 3), что она брызгала;
атырылтып ат минген бул кандай чал? что это за старик, который горячит своего коня?