Энциклопедия "Манас". ч.1.
АТ КОЮУ — атчан аскерлердин душманга чабуул коюу ыкмасы. Эпостун согуштук окуяларында баатырларын, балбандарын, аткычтарын, найзачанын, кылыччанын өз-өзүнчө бөлүп, салгылашууга киргизгени жогорку көркөмдүктө элестүү сүрөттөлөт. Кыргыздын элдик оозеки чыгармаларында баатырларды, жоокерлерди атсыз элестетүү кыйын. Ошондуктан А. к. эпосто жоокерчилик окуялардын чордонун түзөт:
Күн жүрүш жактан күркүрөп,
Аркасынан Жолойдун
Алда канча көп аскер
Ат коюптур дүркүрөп (Сагымбай Орозбаков, 4. 314).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аттын оозун коё берүү, чаап жөнөө. Айылга жакындаганда ат койдук (Элебаев). Ат коюп шаарга кирип бардык (Каралаев). 2. Чабуул жасоо, качырып сала берүү. Таң кулан өөк болгондо жоону карай ат коюшту («Ала-Тоо»).