Айтылган кепке, сунушка макул болбоо, четке кагуу, уккусу да келбөө, так секирүү. Шыгайдын өзүн кампачы кылууну айтканда Сагынбек асман-айга түйүлүп койгонун айтты (Жантөшев). Сапар ого бетер асман-айга түйүлдү (Бейшеналиев).
Айтылган кепке, сунушка макул болбоо, четке кагуу, уккусу да келбөө, так секирүү. Шыгайдын өзүн кампачы кылууну айтканда Сагынбек асман-айга түйүлүп койгонун айтты (Жантөшев). Сапар ого бетер асман-айга түйүлдү (Бейшеналиев). В.: Асман-айдан түйүлүү. Силер асман-айдан түйүлүп жеригидей Болотбектин кайсы жери кем? («Ала-Тоо»). Асман бою түйүлүү. Энем ооруп калыптыр, доктур чакырталы десем, асман бою түйүлүп, болбой койду («Ленинчил жаш»). Тообай кармоого аракет кылды, бирок азоо кара кер асман бою түйүлөт (Абдумомунов).