Киргизско-русский словарь Юдахина
подниматься ввысь, взвиваться;
асмандаган чокусу алда канча тоолор стих. много (там) гор, вершинами уходящих в небо;
асмандап уч- летать в поднебесье, в небесной выси;
ай-асмандап кет- вознестись до небес; возомнить о себе; быть непомерным в требованиях;
ал шартка моюн сунбай, ай-асмандап кетет не соглашаясь на те условия, он бог знает чего требует.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨКТӨН ТИЛЕГЕНИ ЖЕРДЕН ТАБЫЛУУ Асмандан издегени жерден табылуу. Асмандан издегени жерден табылбадыбы, кудай берем десе ушинтип берет («Ала-Тоо»). Күтүлбөгөн суроо үстүмдөгү ныгырган оордукту кимдир бирөө алып ыргыткандай жеңилдетти, асмандан издегеним жерден табылганына сүйүндүм («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Элден бөтөнчө болуп, өзгөчөлөнүп тургандай, өзгөчө болуп көрүнгөндөй. Кыз болсо түн ичинде асмандан түшө калгандай кең дүйнөнүн ушул кооздугунун эркин падышасына окшоду (Жусупов). Ким болду экен бул экөө, Асмандан түшө калгандай? (Жантөшев). 2. Жок жерден, күтүлбөгөн жерден пайда болгондой. – Эй, Сабо, сен сыйкырчы болуп кеткенсиң го, асмандан түшө калгандай болуп кайдан чыга калдың? (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Элден бөтөнчө болуп, өзгөчөлөнүп тургандай, өзгөчө болуп көрүнгөндөй. Кыз болсо түн ичинде асмандан түшө калгандай кең дүйнөнүн ушул кооздугунун эркин падышасына окшоду (Жусупов). Ким болду экен бул экөө, Асмандан түшө калгандай? (Жантөшев). 2. Жок жерден, күтүлбөгөн жерден пайда боло калгандай. -Эй, Сабо, сен сыйкырчы болуп кеткенсиң го, асмандан түшө калгандай болуп кайдан чыга калдың? (Ашымбаев).