архар, горный баран (самка);
Үч Аркар астр. Весы;
Алты Аркар астр. Малая Медведица;
Жети Аркар астр. Большая Медведица;
аркар оту название высокогорной лекарственной травы.
зат. 1. Кой тукумуна кирүүчү жапайы тоо айбаны. Аркары болбой зоо болбойт (Тоголок Молдо).
2. Ушундай айбандын ургаачысы. Жайылып аркар, кулжасы, Жардашып таштан кетпеген (Үсөнбаев).
аркар
аркар-кулжа
аркар от
«Чыгырык мүйүздүү, кылчык жүндүү кой тукумуна кирүүчү жапайы тоо айбаны, аӊ» (КТС 2010:114). Этимологдордун ою боюнча, бул сөз «арка» деген этиштен пайда болгон. Алар буга далил катары кыргыз тилиндеги ушул этиштен жасалган «арка+й», «арка+гай» деген сөздөрдү келтиришет (аркагай мүйүз ак бугу (Юдахин). (ЭСТЯ 1974:345 ). А.Щербак «аркар» сөзү монгол жана тунгус тилдериндеги ушул эле маанини туюндурган «аргали» менен тектеш деп эсептейт. Бул сөз «аркар, архар» түрүндө орус тилине да өткөн.
1. Чыгырык мүйүздүү, кылчык жүндүү кой тукумуна кирүүчү жапайы тоо айбаны, аң. Аркары болбой зоо болбойт (Тоголок Молдо). 2. Жайылып аркар, кулжасы, Жардашып таштан кетпеген (Үсөнбаев).
АРКАРБОЗ — Кутунайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин Манаска келишине арналып өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта марага алтынчы болуп келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 327).
Бала-бакыралуу болуп турса да, келин кездеги келишимдүү келбетинен, керилген сымбатынан кетпеген, асылдыгынан тайбаган, атына заты төп келген, тараза боюна кийген кийими жарашкан, адеби, мамилеси жүрөктү жылыткан, эстүүлүгү, тунуктугу бөтөнчө ургаачыны илгери ушинтип кайберендин ыйыгы аркарга теңешип, ушундай аташкан. Улуу кол башчы...черин таратып келгенден кийин эле,... аркар эмчек, акылгөй тараз канышасы, бектери, бийлери, жөнбилги кеңешчилери менен, кайтарып берди (Субанбеков).