АЙЫП
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Күнөө, жазык. Сыркоолугун туйбай ишке бар десе, Сыр билбеген бригадирдин айыбы («Чалкан»). Бирок кандай арга кылып анын айыбын ачарын билбей жүрөт (Байтемиров). Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң (макал). 2. Кемчилик, каталык. Ак кагазды каралап, Кат билбеген айыбым (Токтогул). Жаштык айып таттуу ыр менен жетилет, Андай болсо, көп кечикпей кууп жет (Осмонов). Ырдашында айып жок, Калыпка тартып койгондой (Барпы). 3. Кылмышына, күнөөсүнө карата зордук, күч көрсөтүү аркылуу мал же башка нерселер менен төлөтүлүүчү салык, штраф. Токтогул деп кекетсең, Тогуз айып саларсың (Токтогул). Дыйканбай каарына алган кишилерине айып салган (Бөкөнбаев). Анча-мынча мал тапса, Алдырып коёр айыпка (Тоголок Молдо).