Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Малды чаап, жазгап же дабыштап, турган жеринен башка жакка кетирип жиберүү, кууп салуу, оолактатуу. Эгинди тепсетпей, тетиги торпокторду ары айдасаңчы («Жаш ленинчи»). Ээрди аттан алышып, Адырга айдап салышып («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Малды ж.б. алдыга салып, белгилүү бир багытка карай сүрүү, тескеп жүрүп отуруу. Кой семиртип болгон соң, Анжиянга айдайлы (Тоголок Молдо). Багып жүргөн кырк тулпар Түгөл айдап келди дейт («Эр Төштүк»). 3. Туткунду, күнөөкөрдү ж. б. мажбурлап, белгилүү бир жакка барууга аргасыз кылуу, алдыңа салып, тийиштүү жакка жеткирүү. Жаш кезимден каршы элем, Журтумдан айдап кетирди (Токтогул). Солдат Каныбекти желкелеп айдап жөнөдү (Жантөшев). Кедейди айдап келет уруп, сабап «Tan пулду, бересиң» – деп коёт камап (Барпы). Шамбеттер Чегирткени айылдан айдап салган (Сыдыкбеков). 4. Кыймылга келүүчү, ордунан жылуучу нерсени (кайыкты, машинаны, самолётту ж.б.) жүргүзүү, анын жүрүү кыймылын башкаруу. Мектепте машина, трактор айдаганды үйрөтөт (Касымбеков). Араба кошуп, ат айдап, Кандайсың буудай тартканга (Осмонкул). Толкун согуп кетпейби, Кемени койсо айдабай (Турусбеков). Бирге жүрдүк, бирге жайлап, бир айлап, Кайык минсек, сен олтуруп, мен айдап (Осмонов). 5. Кетирүү, жок кылуу, бир нерседен арылтуу. Маляр келди, бир чоң үйдү майлады, Кабак түйгөн капалыкты айдады (Осмонов). Колхоз, совхоз бул күндө Эскиликти айдаган (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үрөн себүүгө же өсүмдүктөрдүн уругун, көчөтүн тигүүгө ылайыктатып, жерди трактор, соко же күрөктөө менен иштетүү. Жер айдап, кээси арпа, кээси таруу себишет (Байтемиров). Жер семизин тандатып Айдаган элди карачы (Токтогул). Трактор менен жер айдап, Дыңды аңтарып таштагын (Осмонкул). 2. Айдалган жерге эгин же башка өсүмдүктөрдү эгүү, себүү. Эгин айдап, чөбүң чап, Эмгегиңден пайда тап (Токтогул). Биз тажрыйба талаасына буудай айдаганбыз (Сыдыкбеков). Пахтаны айдап жайнаткан, Жер булбулун сайраткан (Бөкөнбаев).