Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. диал. Үйдүн алды жаккы бетине жанаштыра салынып, үстү үй менен туташ жабылган веранда сыяктуу жай. Үсөн айбандагы жыгач керебетке төшөк салдырды да, сөөгүнөн башка эч салмагы калбаган жубайын балача карысына салып көтөрүп келип жаткызды (Касымбеков). Токтор менен Култай айбанда олтурган эле (Абдукаримов). Үйдүн айванына ээрчитип барды. 2. Сере, серече. Ичине беш канна кылдырып, бет алдын айван кылдырып, сырдатып жай салдырды. (Касымбеков).