Киргизско-русский словарь Юдахина
р. ист.
гауптвахта, место заключения, тюрьма;
абакка түш- попасть в тюрьму;
абакка сал- или абакка кама- посадить под арест, посадить в тюрьму;
шиш абак особо строгая тюрьма (с пытками).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АБАК — этноним. Эпосто казак каны Көкчөнүн жана башкалар бир катар кейипкерлердин уруусу. Казак элинин эпикалык чыгармаларында да (казакча уак, увак) эр Көкчөнүн, анын баласы эр Косайдын уруусу катары сүрөттөлөт. Ишим талаасында жашаган уактар кийинки учурларга чейин өздөрүнүн түп атасы катары Көкчөнү эсептешип келген. Тарыхый уактар казактардын орто жүз курамындагы ири уруу.
А. аттуу майда уруу кыргыздардын чекир саяктарынын арасында да кезигет. 17-кылымдагы казак, кыргыздардын жунгарларга каршы күрөшүндө А. активдүү роль ойногон.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өзүнөн улуу эркек адамга ызаат менен кайрылуу формасы. Жана сиз сүйлөшкөн сөздү Санькага айткан жосузбу, абаке? – деп сурады (Абдукаримов). Азоо кулундардан эки-үчөөнү мен дагы үйрөтүүгө жардам бергим келет, абаке («Жаш ленинчи»). Абакеси эр Бакай, Ар деме бар нээтинде («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жалпы эле өзүнөн улуу кишилерге же абасына «абаке» деп кайрылгандык. Абакелеп артынан калбай ээрчип алды («Ала-Тоо»). Абакелеп жалынып, Неге алдыма келбеди («Мендирман»). Өзүнөн улуу кишиге, абасына өкүргөндө «абаке» деп айтып ыйлоо. Абакелеп өкүрүп келди.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АБАК-ЖАТАКТАР – этиятсыздыктан жасалган кылмыштары үчүн 5 жылдан ашык эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган соттолуучулар (эркектер жана аялдар) жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан, ошондой эле жалпы, күчөтүлгөн жана катуу режимдеги түзөтүү жайларынан КР кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдарында аныкталган тартипте жана негизде которулган соттолуучулар жаза мөөнөттөрүн өтөөчү түзөтүү жайларынын түрү.