Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Сурануу, сураныч менен бирөөгө кайрылуу. [Капсалаң] Ызакулга атайылап назарын салып өтүндү (Бейшеналиев). Ошого [Мөмө тоюна] катышып анан кетүүңүздү коллектив, Кузьмич ага, сизден өтүнөт (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сурануу, сураныч менен бирөөгө кайрылуу. Капсалаң Ызакулга атайылап назарын салып өтүндү (Бейшеналиев). Ошого мөмө тоюна катышып анан кетүүңүздү коллектив, Кузьмич ага, сизден өтүнөт (Сыдыкбеков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТҮНМӨ (СУНУШТАМА) – жогорку баскычта турган мамлекеттик органга (коомдук уюмга) даректелген ырасмий өтүнүч же сунуштама; 1) Ө. жарандардын кайрылууларынын (арыз, петициялары менен бир катардагы) бир түрү катары каралашы мүмкүн. КР жарандыгына кабыл алуу же жарандыгынан чыгуу жөнүндөгү өтүнүчтөр, референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топту каттоо жөнүндөгү, кишилерди качкындар же аргасыз ооп келгендер катары таануу өтүнүчтөрү Ө. мисалдары болуп саналат; 2) сот өндүрүшүндө иштин катышуучусунун алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго, судьяга, сотко процессуалдык аракеттерди ишке ашыруу же чечимдерди кабыл алуу жөнүндөгү ырасмий өтүнүчтөрү Ө. деп түшүнүлөт; 3) соттолгондор кечирим берүү өтүнүчтөрү менен кайрылууга укуктуу. Ө. түзөтүү мекемелеринин жетекчилиги тарабынан жүрүм-туруму жакшы мүнөздөлгөн соттолгондорго берилүүсү ыктымал; 4) Ө. суроо-талам жана арыз менен бир катарда КР Конституциялык сотуна кайрылуунун дагы бир таризи; 5) Ө. түрүндө райондор аралык сот өндүрүшүндө кудуретсиздик жөнүндөгү иштер козголот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
просьба (с оттенком извинения);
сизден бир өтүнүчүм бар - ушуну ректорго түшүндүрүп койсоңуз у меня к вам просьба: как-то объясните это вот ректору;
жогору жакка өтүнүч жаза турган жазыгым да жок да у меня и вины-то нет, чтобы я должен был обратиться в высшие инстанции с просьбой.
өтүнүчтүк извинение;өтүнүчтүк сурабай не извиняясь, не прося извинения.