Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Араң жан, начар, алдан тайган, арып-карып калган, араң эле кыймылдаган, жаны чыгайын деп эле турган, өлүм алдында жаткан. Анын көз алдына энесинин өлөсөлүү болуп калганы элестеди (Жантөшев). Өлөсөлүү эки карыны кайтарып, ушул үйгө ээлик болуп жүрө береби! (Убукеев). Өлөсөлүү чал-кемпирде эмнең бар, эптеп өлөсөлүү күн көрүп араң жүрүшсө (Юдахин).