Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨМҮР БОЮ ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТУУ – кээбир өлкөлөрдүн кылмыш-жаза мыйзамдарында (албетте, негизги жаза катары гана колдонулуучу) жазанын бир түрү. Өмүргө кол салган өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасынын ордуна берилет жана сот өлүм жазасын колдонбоону мүмкүн деп тапкан учурларда да дайындалышы мүмкүн. КРдин кылмыш-жаза мыйзамдарында жазанын мындай түрү каралган эмес.