Эң, абдан, аябаган, аябай, эң эле. Өсүмдүккө өтө керектүү: күн жана аба! (Сыдыкбеков). Өтө шайыр киши эле, Ыр жазуудан жадабас (Осмонкул). Мындай карышкырлар өтө сейрек (Жантөшев).
Бир нерсени аткаруу, иштөө, иш жүзүнө ашыруу, белгилүү мөөнөткө кызмат кылуу. Бул жакшылыгыңды өтөөрбүз («Ала-Тоо»). Ошентип, айрылышкан муңдуу энем, Канткенде мээнетиңди өтөп берем? (Токомбаев). Өтөбөй калайыктын бир кызматын Жүрбөймүн жер бетинде адамсынып (Бөкөнбаев).