этиш. Сурануу, сураныч менен бирөөгө кайрылуу. [Капсалаң] Ызакулга атайылап назарын салып өтүндү (Бейшеналиев). Ошого [Мөмө тоюна] катышып анан кетүүңүздү коллектив, Кузьмич ага, сизден өтүнөт (Сыдыкбеков).
просить;
ректорго өтүнүп арыз жаздым я написал ректору заявление с просьбой.
Сурануу, сураныч менен бирөөгө кайрылуу. Капсалаң Ызакулга атайылап назарын салып өтүндү (Бейшеналиев). Ошого мөмө тоюна катышып анан кетүүңүздү коллектив, Кузьмич ага, сизден өтүнөт (Сыдыкбеков).
ӨТҮНМӨ (СУНУШТАМА) – жогорку баскычта турган мамлекеттик органга (коомдук уюмга) даректелген ырасмий өтүнүч же сунуштама; 1) Ө. жарандардын кайрылууларынын (арыз, петициялары менен бир катардагы) бир түрү катары каралашы мүмкүн. КР жарандыгына кабыл алуу же жарандыгынан чыгуу жөнүндөгү өтүнүчтөр, референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топту каттоо жөнүндөгү, кишилерди качкындар же аргасыз ооп келгендер катары таануу өтүнүчтөрү Ө. мисалдары болуп саналат; 2) сот өндүрүшүндө иштин катышуучусунун алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго, судьяга, сотко процессуалдык аракеттерди ишке ашыруу же чечимдерди кабыл алуу жөнүндөгү ырасмий өтүнүчтөрү Ө. деп түшүнүлөт; 3) соттолгондор кечирим берүү өтүнүчтөрү менен кайрылууга укуктуу. Ө. түзөтүү мекемелеринин жетекчилиги тарабынан жүрүм-туруму жакшы мүнөздөлгөн соттолгондорго берилүүсү ыктымал; 4) Ө. суроо-талам жана арыз менен бир катарда КР Конституциялык сотуна кайрылуунун дагы бир таризи; 5) Ө. түрүндө райондор аралык сот өндүрүшүндө кудуретсиздик жөнүндөгү иштер козголот.
өтүн этишинин кыймыл атоочу.
өтүн этишинин кыймыл атоочу.
просьба (с оттенком извинения);
сизден бир өтүнүчүм бар - ушуну ректорго түшүндүрүп койсоңуз у меня к вам просьба: как-то объясните это вот ректору;
жогору жакка өтүнүч жаза турган жазыгым да жок да у меня и вины-то нет, чтобы я должен был обратиться в высшие инстанции с просьбой.
өтүнүчтүк извинение;өтүнүчтүк сурабай не извиняясь, не прося извинения.
зат. Суроо, тилек, сурануу, сураныч. Уулунун өтүнүчүнө Ырайымжан дароо жооп бере алган жок («Ала-Тоо»). Колхозчулар Чүкөбайдын өтүнүчүн орундатышты (Баялинов).
өтүнүч (өтүнч эмес),
өтүнүчтү
Суроо, тилек, сурануу, сураныч. Уулунун өтүнүчүнө Ырайымжан дароо жооп бере алган жок («Ала-Тоо»). Чүкөбайдын өтүнүчүн орундатышты (Баялинов).