Боор бөлүп чыгаруучу саргыч жашыл түстөгү ачуу суюктук. Бул кымыздын ичинде: үч тамчы ак кажырдын өтү бар (Жантөшев).
1. Бир жерден экинчи бир жакка басуу, экинчи тарабына чыгуу. – Байбиче, келиңиз, көрсөткөн орунга өтүңүз (Сыдыкбеков). Көп жылкыны чубатып, Көсөр калмак өткүчө, Артынан жөө барамын («Эр Табылды»). Сыноосунан өтсөң – дүйнө чалкыган, Азабын да дароо унутуп калуу жан (Турсунбеков). 2. Мурда болуп кетүү, ошол учурда убактысы, мезгили жагынан алганда бүтүп калган абалда болуу. Кезегимдин өткөнүн Ойлоно калдым бүгүн мен («Курманбек»). Арадан бир жыл өттү. Бир саат өттү. Өткөндү билбеген эл – атасын тааныбаган баладай (макал). 3. Батып кетүү, батып кеткендиктен денени оорутуу. Таманынан таш өтүп, Маңдайынан тер кетип («Манас»). Аркан өтүп сыздаган бели оор жүктү алып таштагандай жеңилдеди (Токомбаев). 4. Катуу таасир калтыруу, жапа чектирүү, жанга бата түшүү. Асыл булбул Токоңо Айдоонун даты көп өткөн (Токтогул). Жүрөгүм мокоп калыптыр, Кудайназар как баштын Кордугу өтүп ашынып («Эр Табылды»). 5. Кесип, тешип же көзөп кетүү. Кылычтаса, Төштүккө өтпөгүдөй кыларда («Эр Төштүк»). Жүрөгүн тешип өтсөм, Аткан октой (Барпы). 6. Сиңүү, таралуу. Кадыры элге бөтөнчө, Өткөн жигит жакшы экен (Барпы). 7. Озуу, ашып кетүү, артыкчылык абалда, ашкан абалда болуу. Туугандан өтөм десең – кой бак, душмандан өтөм десең – аштык бак (макал). 8. Өтүмдүү болуу, тез сатылып же тез алынып кетүү. Тез өткөн товарлар. Базарга саткан алмалары бат эле өтүп кетти. 9. өт. Ажалы жетүү, каза болуу, жок болуп кетүү. Ажал жетсе амалсыз, Биз да бир күн өтөбүз (Токтогул).