Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өмүрүнчө, өмүрүнүн акырына чейин, дайыма. Өмүр бою өзүңдү чындыкты айтууга үйрөт (макал). Өмүр бою жакшылыгыңды унутпайын (Абдукаимов). Улуу-Чаттын тоолору, өмүр бою бетине беш тал чөп чыкпагандай кубарып турат (Жантөшев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨМҮР БОЮ КАРАЛАШУУ МЕНЕН БАГУУ КЕЛИШИМИ – киреше алуучу – жаран өзүнө тийиштүү турак үйүн, ижарасын, жер участогун же башка түбөлүк (кыймылсыз) мүлкүн киреше кийирүүчүгө өткөрүп берүүчү, ал аны же ал көрсөткөн үчүнчү адамды өмүр боюу багуу менен алган нерсени да кароого милдеттенген келишим. Киреше төлөөчүнүн милдетине өмүр боюу багып, кароо менен ал жарандын жашоого, ичип-кийинүүгө карата болгон муктаждыктарын камсыз кылуу, эгер талап кылынса, анын денсоолугуна кам көрүү жана оорулууну жакшы багууну да өзүнө камтуусу мүмкүн. Ө. б. к. м. б. к. өмүр боюу багуу менен кароонун баардык көлөмү аныкталууга тийиш. Киреше төлөөчү өзүнө өмүр боюу кароо менен багууну камсыз кылууга берилген түбөлүк (кыймылсыз) мүлктү киреше алуучунун алдынала макулдугу менен күрөөгө берүүгө же башка ыкма менен өз ээлигинен ажыратууга, убарасынан кутулууга акылуу. Ө. б. к. м. б. к. киреше алуучунун өлүмү менен бүтөт. Калган учурда ага карата түбөлүк рента эрежеси колдонулат (кара:Рента келишими).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨМҮР БОЮ ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТУУ – кээбир өлкөлөрдүн кылмыш-жаза мыйзамдарында (албетте, негизги жаза катары гана колдонулуучу) жазанын бир түрү. Өмүргө кол салган өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасынын ордуна берилет жана сот өлүм жазасын колдонбоону мүмкүн деп тапкан учурларда да дайындалышы мүмкүн. КРдин кылмыш-жаза мыйзамдарында жазанын мындай түрү каралган эмес.