Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз оозеки речте өлмөсөк болуп да айтылат. Ал экөө тең алгачкы өлүмсүрөк деген сөздөн келип чыккан. Алгачкы өлүмсүрөк сөзү өл+үм+сүрө + к деген морфемалардан куралган: өл деген этиштен келип чыккан өлүм сөзүнө -сыра мүчөсү жалганып, жетим деген сөздөн жетимсире сөзү келип чыккан сыяктуу өлүмсүрө этиши пайда болгон, ага этиштен атооч жасоочу -к мүчөсү уланганда өлүмсүрөк деген сын атооч жасалган. Сөздүн ортосундагы үр тыбышгары ттшүп калышынан өлүмсөк сөзү пайда болгон.