Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан ачка болуу, ачкалыктан кубаты кетүү. Өзөгүң карарды го, жүр, үйгө кирип, тамак иччи (Саатов). Балдардын курсагы кабышып, өзөгү карарып баратат (Өмүрбаев). Эми эле чай ичкенине карабастан, өзөгү карарып, кезегинде тамшанып коет (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан ачка болуу, ачкалыктан кубаты кетүү. Өзөгүң карарды го, жүр, үйгө кирчи, тамак иччи (Саатов). Балдардын курсагы кабышып, өзөгү карарып баратат (Өмүрбаев). Эми эле чай ичкенине карабастан, өзөгү карарып, кезегинде тамшанып коёт (Байтемиров). В.: Өзөгү караюу. Ат кошчулар сопоктоп жүрүп, чарчап, өзөктөрү карайып, камчылана-темине жүрүп келатышты (Касымбеков). Өзөгү кайрылуу. Ичи ысып, өзөктөрү кайрылганда сорпо жыттанган үйдөн эт аңдымай (Осмоналиев). Өзөгү ооруу. Өзөгүм ооруп кетти. Өзөгү үзө тартуу. Көкөнүн оозуна кара суу келип, өзөгү үзө тарткансыды (Касымбеков). ...Жарытылуу наар татпаган кургурдун өзөгү үзө тартып, оозунан кара суу келет (Бейшеналиев).