Биринен сала бири үн чыгаруу, жарыша үн чыгаруу. Балдар үн алышып ырдай баштады («Кыргызстан пионери»). Кумшекерди үйгөн кардай кырдаган, Кант заводдор үн алышып ырдаган (Аалы).
Биринен сала бири үн чыгаруу, жарыша үн чыгаруу. Үч кара дөбөт үн алыша тосуп чыгышса да, Алыбектин үнүн угуп кайра тартышты (Жантөшев). Тарсылдаган балка, шаңкылдаган каңылтыр, араа жаңырыгы үн алышты (Сасыкбаев).