Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Маданий, писхологиялык, тилдик мүнөзү жана өзгөчөлүктөрү жалпы, өздөрүнүн бир жалпылыкта экендигин аңдаган жана энчилүү аты бар адамдардын белгилүү аймакта тарыхый жактан калыптанган туруктуу биосоциалдык тобу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Этностордун генезисин, маңызын, функциясын, өнүгүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн, ошондой эле түрдүү этностук топтордун окшоштуктарын, айырмачылыктарын жана бул же тигил адам топторуна мүнөздүү социалдык кубулуштарды изилдөөчү илим.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭТНОСТУК (УЛУТТАШТАР) ӨКҮЛЧҮЛҮК (гр. ethnos – тукум, эл) – ага ылайык, өкүлчүлүк мекемесинин депутаттар курамын өлкөнүн (же анын аймагынын) баардык калкы эмес, белгилүү бир этностук топтор тарабынан шайлана турган өкүлдөр түзүүчү өкүлчүлүк бийлигин уюштуруу принциби. Жарандар теңдештигинин байтүп принциби болгон теңдеш өкүлчүлүк кылуу принцибине кайчы келгендиктен, ал өтө сейрек колдонулат. Кээбир демократиялуу мамлекеттерде Э. ө. көмөкчү мүнөз күтүү менен, аз сандагы түпкү элдердин кызыкчылыгын коргоонун конституциялык ыкмасы катары кызмат өтөйт: улуттук аймактар боюнча анчалык көп эмес сандагы депутаттар же Индиянын, Словениянын, Кырым Республикасынын, дагы башка кээбир мамлекеттердин парламентине чакан улутташтар тобунан ушундай жол менен шайланат.