Киргизско-русский словарь Юдахина
~: элчилеп как другие, подобно другим;
элчилеп кийим кийген жери жок он не так одевается, как другие (хуже, беднее);
Абдылда элчилеп ары-бери бастырып жүргөн жок Абдылда не болтался зря, как другие.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ист. приверженность к институту родового строя;
2. положение или миссия посла, посланника;
мен элчимин, элчимин - элчиликке өлүм жок фольк. я посланник, я посланник, а посланнику (букв. посольству) смерти нет;
сөгүнүшкө акың жок, мен элчиликке келдим ты не имеешь права ругать, я прибыл послом;
3. примирение (по обычаям и установлениям предков);
элчиликке кел-
1) явиться для примирения;
2) согласиться на примирение;
чабышса, чабышабыз; болбосо, элчиликке келсин если он хочет враждовать (букв. рубиться), будем враждовать; если нет, пусть идёт на примирение;
элчиликтен кет- пойти на разрыв, на вражду;
илгери кайындуу кыз качпай жүрдү беле? же кыз качканда журт элчиликтен кетчү беле? разве раньше просватанные девушки не сбегали? и разве, когда девушка сбегала, (из-за этого) народ враждовал? (т.е. как-то договаривались);
элчилик сөзүн айтам - деп, эр Алмамбет, Чубагын элдештирип кайтам - деп фольк. я хотел сказать слово примирения, я хотел богатырей Алмамбета и Чубака примирить и вернуться.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛЧИЛИКТИН КОНСУЛДУК БӨЛҮМҮ – барган мамлекеттин борборунда же анын башка жактарында, ал аймакта өзалдынча консулдук мекеме болбогон шарттарда элчиликтин алдында уюштурулган консулдук милдеттерди жүргүзүүчү бөлүм. Э. к. б-ндө иштөө үчүн элчиликтен өздөрүнүн элчиликке таандык статустарын сактап калуу менен дипломаттык жана административдик-техникалык кызматкерлер бөлүнүп берилет. Э. к. б-нүн башчысын дайындоо тууралуу анан жеке жана кызматтык маалыматтары көрсөтүлүү менен барган өлкөнүн Тышкы иштер министрилигине билдирилет. Мында адатта консулдук патентти же экзекватураны алуунун зарылдыгы болбойт (дипломаттык мамилелерди түзүү консулдук мамилелерди да түзөт). Э. к. б-н түзүү КРде колдонулуучу СССРдин 1976-жылкы Консулдук уставында каралган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛЧИЛИК УКУК – эларалык укуктун байыркы тармагы; бир мамлекеттин башка мамлекеттин аймагындагы дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломаттык агенттеринин юридикалык статусун жана иштеринин принциптери менен ченемдерин камтыйт. Эларалык мамиле каадаларынын негизинде миңдеген жылдар бою жыйналган Э. у-тун ченемдик курамы азыркы мезгилде Дипломаттык карым-катнаштар жөнүндө 1961-жылкы Вена конвенциясында, Атайын миссиялар жөнүндө 1969-жылкы конвенцияда ж. б. иретке салынган жана кодификацияланган. Дипломаттардын жана дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн укуктук абалынын маселелериэки тараптуу эларалык келишимдерди жана улуттук мыйзамдарды жөнгө салуунун да объектиси болуп саналат. «Э. у.» аталгысы кээде дипломаттык укук маанисинде колдонулат.