Киргизско-русский словарь Юдахина
чалыш I
1. имеющий вид кого-чего-л., подобный кому-чему-л.; смахивающий на кого-что-л.;
буудан чалыш (конь) имеющий вид и признаки скакуна;
2. кровный, породистый;
чалыш ат породистый конь;
чалыш ит породистая собака;
жыгып алдың, Атакан, Тоялынын чалышын, токтотту далай бечара той менен ашка барышын фольк. отобрал ты, Атакан, породистого коня у Тоялы, прекратили бедняги ездить на пиры и поминки (не на чем стало участвовать в конских ристалищах);
3. полу, не совсем;
жинди чалыш придурковатый;
аңкоо чалыш простак, недалёкий;
уяң чалыш жүн полутонкая шерсть;
4. южн. дети от смешанного брака (отец - киргиз, мать - таджичка или наоборот).
чалыш- II
взаимн. от чал- II;
чалгынды бирге чалыштык фольк. мы вместе производили разведку;
бир-бирине чалышып калган одно за другое зацепилось;
белге саадак чалышкан фольк. они на чресла прихлестнули колчаны;
багалектен алышкын, Төштүк, балбандарча чалышкын, Төштүк фольк. за штанину ты схватись, Тоштюк, по-борецки ты борись, Тоштюк;
кабылан менен чалышпайм, канкоруң менен алышпайм фольк. с леопардом (Манасом) я не сражусь, с молодцем (Манасом) я не схвачусь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Таза кандуу тукум менен жөнөкөй тукумдун ортосунан чыккан аргын (көбүнчө жылкы жөнүндө). Жыгып алдың, Атакан, Тоялынын чалышын (Токтогул). Чалыш жылкы.
ЧАЛЫШ II жанд. Окшош, сыяктуу, сымак, кебетелеш; окшоштугу бар, ошондой белгилери, өзгөчөлүгү бар. Аргымак чалыш болсо дейм, Астыңдагы мингениң (Токтогул). Көйрөң чалыш кул экен, Көөсөр сымак уул экен («Эр Табылды»).
ЧАЛЫШ III чал этишинин кош мамилеси.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Окшош, сыяктуу, сымак, кебетелеш, окшоштугу бар, ошондой белгилери, өзгөчөлүгү бар. Аргымак чалыш болсо дейм, Астыңдагы мингениң (Токтогул). Көйрөң чалыш кул экен, Көөсөр сымак уул экен («Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
заплетаться;
буттары чалыштады у него ноги заплетались;
чалыштап басат он ходит заплетаясь, нетвёрдо ступая;
басса, узун буттары кез-кезде чалыштай түшөт когда он идёт, его длинные ноги иногда заплетаются;
ары-бери теңселип, оор жүк көтөргөн немедей буттары чалыштап, көчөгө чыгышты (подвыпившие) из стороны в сторону покачиваясь, они вышли на улицу, заплетаясь ногами, будто неся тяжёлый груз;
чалыштап чубалжыган узун чачтуу фольк. длинноволосая, её косы растянулись, переплетаясь одна с другой.