çala-bula
yarım-yamalak, gelişigüzel
чала-чарпы, чала-чарпыт, чала-моңол же чала-бучук — толук эмес, анча-мынча, аягына чейин эмес, үстүртөн. Мен.. чала-була шам-шум этип, мектепке чуркадым («Ала-Тоо»). Түшүндүрөйүн деген оюмду чала-чарпы айттым (Жантөшев). Эргеш гана чала-моңол кат тааныйт (Жантөшев). Чала жан — араң эле жаны бар, өтө алсыз, чала өлүк. Алымкулду аябай сабап, чала жан болгон кезде короосунан сүйрөтүп барып таштады (Абдукаримов). Чала кайым —чалагайым менен бирдей.
Толук эмес, анча-мынча, аягына чейин эмес, үстүртөн. Мен чала-була шам-шум этип, мектепке чуркадым («Ала-Тоо»). В.: Чала-бучук. Жеңеси аркылуу кыз менен чала-бучук сөз илештирген жагдайым бар (Бейшеналиев). Көчөр, Сатарлар чала-бучук тааныш болуп калган жолдоштор менен да коштошушпады («Ала-Тоо»).