Киргизско-русский словарь Юдахина
1. поступление;
налогдун түшүмү поступление налогов;
2. урожай;
буудайдын түшүмү урожай пшеницы;
түшүмдү жыйноо сбор урожая;
мол түшүм богатый урожай.
түшүмдүү урожайный;
түшүмдүү жыл урожайный год.
түшүмдүүлүк урожайность;
кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу повышение урожайности сахарной свёклы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Эгиндин кызылы, ар кандай өсүмдүктөрдүн берген даны, мөмөсү. Биздин Чүй боорунда кызылчанын мол түшүмүнө ээ болгон бир топ мастерлерибиз бар (Жантөшев). Күжүрмөндөр аябагын күчүңдү, Жүгөрүдөн көп алалы түшүмдү (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эгиндин кызылы, ар кандай өсүмдүктөрдүн берген даны, мөмөсү. Биздин Чүй боорунда кызылчанын мол түшүмүнө ээ болгон бир топ дыйкандарыбыз бар. Күжүрмөндөр аябагын күчүңдү, Жүгөрүдөн көп алалы түшүмдү (Осмонкул).