Киргизско-русский словарь Юдахина
1. лиса (зверь и его мех);
алтай түлкү или алтай кызыл түлкү или алтай ак түлкү виды лисы;
бүркүт салсаң, алтайдын кызыл түлкүсүн киерсиң погов. если будешь охотиться с беркутом, будешь носить алтайскую красную лису;
кара түлкү черно-бурая лиса;
2. перен. хитрый, плутоватый;
элдүү түлкү хитрец, имеющий опору, много сторонников;
элсиз түлкү хитрец, не имеющий опоры, без сторонников;
элсиз түлкү эмес хитрец не без опоры, не без сторонников;
3. (в эпосе "Манас") Түлкү Тюлкю (один из чутких стражей богатыря Конгурбая; см. ещё кулжа, өрдөк);
4. талас. листья табака, нанизанные на нитку для провяливания;
кургаткан түлкүдөй кожа до кости;
түлкүсү түштө улуйт ему во всём удача; ему везёт;
түлкү мурут название травянистого растения;
түлкү тиштетмей или түлкү куумай или түлкү сүйрөтмөй название детской игры;
түлкү куурай (см. куурай);
түлкү тоют (см. тоют);
куу түлкү (см. куу I).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Иттер тукумуна кирүүчү сүт эмүүчү жырткыч айбан. Далбага бүркүт айланса, Калтар түлкү булактап, Канжыгага байланса (Үсөнбаев).
2. өт. Куу, кытмыр, митаам. 0, курбум, ишенбегин алдап кетет, Ал күлгөн булаңдаган карган түлкү (Аалы).
Түлкү куумай — балдар оюнунун аты.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде «Түлкүнүн жоосу – териси» деген макал айтылат. Териси кооз жаныбардын аты терисине байланыштуу келип чыккан. Түклү сөзүнүн кл тыбыштары лк болуп алмашып түшүп, түлкү сөзү жаралган. Түлкү деген аты «түктүү» дегенге барабар сөз болуп эсептелет (Орузбаева, 1964, 251).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Иттер тукумуна кирүүчү сүт эмүүчү жырткыч айбан. Далбага бүркүт айланса, Калтар түлкү булактап, Канжыгага байланса (Үсөнбаев). 2. өт. Куу, кытмыр, митаам. О, курбум, ишенбегин алдап кетет, Ал күлгөн булаңдаган карган түлкү (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Түрдүүчө амал менен алдагандык, жазгырык. Эми мага түшүнүктүү. Баятан бери түлкү тиштемей ойногонуңуз үчүн ыракмат! – деп ордуман турдум (Жантөшев). – Жазалайбыз. – Түлкү тиштемейге салуу керек (Токтоналиев). В.: Түлкү куумай. Сен түлкү куумайыңды кой, экөөбүз ачык сүйлөшөлү, – дедим («Ала-Тоо»).