Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тур салып жүндөн токулган сырт кийимдик кездеме. [Алыбектин] боз трико менен тышталган ичигинин эки этеги далбырттап, белдеги курду үзүп төмөн карай учуучудай көрүнөт (Жантөшев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср. нескл.
1. (шерстяная ткань) трико;
2. (одежда из вязаной ткани) сокмо кездемеден жасалган кийим;
3. (женское бельё из вязаной ткани) аялдардын сокмо кездемеден жасалган ич кийими.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жүндөн токулган сырт кийимдик кездеме. Алыбектин боз трико менен тышталган ичигинин эки этеги далбырттап, белдеги курду үзүп төмөн карай учуучудай көрүнөт (Жантөшев). 2. Трикотаждан тигилип денеге чапталыша тартылып турган кийимдер.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Машина менен согулган кездеме. Туюк токулган, ийи майда трикотаж боёктуу ысык сууга чыланып, алкакка түрүлүп жатты (Сасыкбаев). Фабрикада иштеймин, Трикотаж чыгарам, Иштөө ыгын издеймин, Бекер эмес убарам (Үмөталиев).
2. Ошондой кездемеден жасалган фуфайка, джемпер ж. б. буюмдардын жалпы аты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Машина менен согулган кездеме. Туюк токулган, ийи майда трикотаж боёктуу ысык сууга чыланып, алкакка түрүлүп жатты (Сасыкбаев). Фабрикада иштеймин, Трикотаж чыгарам, Иштөө ыгын издеймин, Бекер эмес убарам (Үмөталиев). 2. Ошондой кездемеден жасалган фуфайка, джемпер ж. б. буюмдардын жалпы аты.