Киргизско-русский словарь Юдахина
остановка, задержка;
токтоол кылбай, жол жүрүп, ат аябай мол жүрүп фольк. ехал он без остановки, коня не жалея, долго ехал.
токтоолук скромность; сдержанность, выдержка;
сөзүн макалдатып, акырын, токтоолук менен акыл-насият катарында сүйлөгөн говорил он спокойно, сдержанно, поучительно, уснащая речь мудрыми изречениями;
токтоолук ар качан керек сдержанность всегда нужна;
токтоолук менен жооп берди он спокойно ответил;
токтоолук менен өз кеңешин айтты он спокойно дал свой совет;
токтоолук кыл- или токтоолук кармат- проявить выдержку, сдержанность;
Ракыя токтоолук кылды да, унчуккан жок Ракыя проявила выдержку и промолчала.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оор басырыктуулук, сабырдуулук, токтомдуулук. Чаргын секретардын алдында токтоолук көрсөтүүгө тырышты (Сыдыкбеков). Ачуусу келсе да, Ракыя токтоолук кылып унчуккан жок (Байтемиров). Боорукердик, адилеттик, токтоолук – Ар жигиттин эр белгиси деп айтпай (Маматова).