Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оор басырыктуулук, сабырдуулук, токтомдуулук. Чаргын секретардын алдында токтоолук көрсөтүүгө тырышты (Сыдыкбеков). Ачуусу келсе да, Ракыя токтоолук кылып унчуккан жок (Байтемиров). Боорукердик, адилеттик, токтоолук – Ар жигиттин эр белгиси деп айтпай (Маматова).