Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Бул кош сөздүн курамындагы топур иран тилдериндеги тофр «көп» деген сөз болушу мүмкүн жана мунун туундусу тофре «көбөй» деген маанини билдирет (Малаев 2011:154). Мындан тышкары опур-топур деген кош сөздүн курамынан да кездешет.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Кыргыз тилинин түндүк диалектисинде, тагыраак айтканда, Нарын говорунда колдонулуп, «той-тамаша» деген маанини билдирет (Мукамбаев 2009:922). Бул кош сөздүн курамындагы торопо азыр өз алдынча колдонулбайт жана сөздүктөрдөн да кездешпейт. Сыягы, бул айт-арапа дегенге уйкаштырылып айтылып калса керек, анткени илгери айт-арапада да үй кыдырып тамак ичишкен жана ат чабыш, күрөш сыяктуу оюндар өткөрүлгөн (Мукамбаев 2009:90).