Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Айран-тойрон «всякого рода кислое молоко» (Юдахин 1965:742) деген кош сөздүн курамынан кездешкен бул сөз азыр өз алдынча колдонулбайт. Айран сөзү айыр+ан (айыр+ган) деген бөлүктөрдөн турат (ЭСТЯ 1974:111), анткени мурун майды уютулган сүттөн алышкандыктан, айран «майы бөлүнүп (ажыратылып) алынган суюктук» дегенге жакын маани берген. Кийин бышылбаган болсо деле айран делип аталып кеткен» (Сейдакматов 1988 :16). Ушул сыяктуу эле тойрон да той этишинен келип чыгышы мүмкүн: той+ур (аркылуу мамиленин мүчөсү) +ан ( = той+гуз+ган). Азыркы түрк тилинде дойуран деген сөз «насыщающий» деген мааниде термин катары колдонулат.