Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үйдү жарык кылуу, аба киргизүү үчүн дубалдын бооруна жасалган ачык жер жана аны жабуучу айнектелген алкак. Жалгыз тайлак боздойт дайым түшүмдө, Терезеге туруп алып үйүмдө (Байгазиев). Терезеде көчө карып күүгүмдө, Сен да мендей отурбагын үйүңдө (Акматалиев). 2. инф. Ал маалыматты көрсөтүү үчүн колдонулуучу экрандын тик бурчтуу бөлүгү.