Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«теке жоомарт. Мыкты күлүк ат, аргымак. Дүйшөнкулдун беш жыл болду бакканы, Тегиз күлүк, теке жоомарт аттары (Осмонкул) (КТФС 2001 :438). Теке жоомарт Телтору ат, Сын-сыпаты кем эмес, Бугу менен маралдан («Курманбек»). Бул фразеологизмдин келип чыгышы түркмөн элинин теке жана йомуд уруулары менен байланыштуу. Тактап айтканда, бул эки уруунун аттары коо бузган күлүк болгон. Биринчиси – атагы таш жарган ахалтекин жылкысы, чечмелеп айтканда, Ахалда жашаган теке уруусунун жылкысы. Экинчиси – йомуд жылкысы. Йомуд сөзү оозеки өздөштүрүлгөндүктөн, жоомарт болуп калса керек деп болжолдоого болот. Арап жылкысы чөлдөгү көчмөн арап уруусу бедуиндердин аты менен бедөө деп аталып калган сыяктуу эле түркмөн жылкысы да кыргыз тилинде теке жоомарт болуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Түркмөн элинин Теке жана Ёмуд деген урууларынын аты. 2. Мыкты күлүк ат, аргымак. Теке жоомарт ат минген, Темирдей көпкөн тон кийген («Манас»). Дүйшөнкулдун беш жыл болду бакканы, Тегиз күлүк, теке жоомарт аттары (Осмонкул).