Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРАПТАР – 1) укуктардын теңдигинин шартында сотто жана бейтарап сотто айыптоо жана жактоо (коргоо) ишмилдеттерин аткаруучу органдар жана жактар; 2) жарандык-укуктук мамилелерге катышкан жана катышуучу жактар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРАПТАР ТАРАБЫНАН ӨЗАРА ЖАРАНДЫК АЛАКАСЫ БОЮНЧА ТАНДАЛЫП АЛЫНГАН МЫЙЗАМ (lex voluntatis ) – эларалык жеке укуктагы бекитүү формуласы; тараптар – жарандык укук мамилелеринин катышуучулары тандап алган мамлекеттин укугу колдонула тургандыгын билдирет. Ал келишимдик милдеттенмелер аркылуу гана колдонулат жана да жалпы таанылат. Баардык коллизиялык маселелер келишимдик милдеттенмелер чөйрөсүндө чечилгендиктен, улуттук коллизиялык укукта да, эларалык келишимдерде да тараптардын эрки чечүүчү күчкө ээ болот.