Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАПШЫРЫК – офертанын бир түрү; мөөнөтүн, көлөмүн, санын, түрүн, сапатын ж. б. зарыл дайын-дарегин алдынала белгилөө менен, тапшырык ээсинин (сатып алуучунун) өзүнө кандайдыр бир продукцияны (товарды) даярдоо, жеткирип берүү, тейлөө кызматын көрсөтүү, жумушун аткаруу боюнча сунушу. Жеткирип берүү келишими боюнча, сатып алуучуга атайлаштырылган таризде жеткирилиши мүмкүн. Жалдоочунун, жеткирип берүүчүнүн (сатуучунун) макулдугу кат же телеграмма менен жол-жоболоштурулат же ал сунуш кылган документке кол коюу аркылуу бекемделет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАПШЫРЫК ЭЭСИ – КР жарандык мыйзамдары боюнча, жалдоо келишиминин бир тарабы. Т. э. жалдоочуга тапшырылган ишти жана/же кызматты аткарууга зарыл болгон шарттарды түзүп берүүгө, анын натыйжасын кабыл алууга, шартталган акыны төлөп берүүгө милдеттенет. Т. э. катары жарандар, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чыга алат.