Киргизско-русский словарь Юдахина
миловидность, приятность, симпатичность;
жүзүндө сүрү да бар, сүйкүмү да бар в лице его есть и внушительность и миловидность;
көз карашында ич жылытар сүйкүм бар в её взгляде есть теплота и обаяние;
кыялы сүйкүм нускалуу кыргыздын шайыр кыздары фольк. миловидны, степенны весёлые киргизские девушки;
жалпы элдин сүйкүмүнө ээ болгон он завоевал симпатию всего народа;
сүйкүм көз приятные, милые глаза;
өтө сүйкүмү жок бала очень несимпатичный ребёнок.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жагымдуулук, сүйүктүүлүк, жакшынакайлык. Жүзүндө сүйкүм да бар, сүрү да бар, Тулкусу шамдагай деп берет кабар (Аалы). Ал кезде үнү сүйкүм, ыры көркөм, Эч жигит болгон эмес менден өткөн (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жагымдуулук, сүйүктүүлүк, жакшынакайлык. Жүзүндө сүйкүм да бар, сүрү да бар, Тулкусу шамдагай деп берет кабар (Токомбаев). Ал кезде үнү сүйкүм, ыры көркөм, Эч жигит болгон эмес менден өткөн (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Сүйкүмү бар, сүйүктүү, сүйгүнчүктүү, жагымдуу, жакшынакай. Толукшуган жайдын мемиреген кечки жели денеге сүйкүмдүү болуп турат (Жантөшев). Тескей Ала-Тоо кандай сулуу, кандай сүйкүмдүү (Абдумомунов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйкүмү бар, сүйүктүү, сүйгүнчүктүү, жагымдуу, жакшынакай. Толукшуган жайдын мемиреген кечки жели денеге сүйкүмдүү болуп турат (Жантөшев). Тескей Ала-Тоо кандай сулуу, кандай сүйкүмдүү (Абдумомунов).