СОТТОЛУУЧУ – кылмыш-жаза процессинде иши сотко өткөрүлгөн айыпталуучу. Соттук териштирүүгө катышууга, четке кагууга жана өтүнүч жасоого, далилдерди келтирүүгө, соттук жарыш сөзгө катышууга, акыркы сөзүн айтууга, соттун өкүмүнө жана чечимине даттанууга акысы бар. С-нун сотко келүүсү милдеттүү. Айыптоо өкүмү чыгарылгандан жана мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин С. соттолгон адам болуп калат.
СОТТОЛУУЧУЛУК – соттордун ортосунда биринчи баскычта каралууга жаткан иштерди бөлүштүрүү, б. а. ошол ишти чечүүгө тийиш болгон дайындуу сотту аныктоо. Сот процессинде С-тун 2 түрү айырмаланат: түрдүк (предметтик) жана аймактык (жергиликтүү). Түрдүк С. кылмыштын түрүнө жана жарандык иштин мүнөзүнө жараша ишти сот тутумунун тигил же бул звеносунун кароосуна берет. Аймактык С. бир эле тизмектеги соттордун компетенцияларын чектейт. Кылмыш-жаза иштери боюнча ал адатта кылмыш жасалган жерге карата аныкталат, б.а. иш кылмыш жасалган жердин соту тарабынан каралат. Эгер аны аныктоо мүмкүн болбосо, С. алдынала тергөө же алгачкы тергөө бүткөн жер боюнча аныкталат. Жарандык иштер боюнча доо, эреже катары, жоопкердин жашаган жери (жоопкердин – юридикалык жактын мүлкү жайгашкан жери) боюнча сотко берилет.
СОТТОЛУУЧУНУН АКЫРКЫ СӨЗҮ – соттолуучунун соттогу жарыш сөз аяктагандан кийин, соттун өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетээр алдында сотко кайрылып сүйлөөчү сөзү. Мыйзам соттолуучуга соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айкындалган жагдайлардын баарына өз баасын берүүгө, сотко өтүнүч айтууга мүмкүнчүлүк берет. С. а. с-нүн убактысы чектелбейт, бирок төрагалык кылуучу, эгер соттолуучу ишке тиешеси жок жагдайлар тууралуу сөз баштаса, анын сөзүн токтотууга акылуу. Соттолуучуга С. а. с-нүн учурунда соттолуучуга суроо берүүгө улуксат берилбейт. Коргонуу укугунун кепилдиктеринин бири. С. а. с-н бербей коюу – өкүмдү жокко чыгарууга негиз болот.