Киргизско-русский словарь Юдахина
1. младшая сестра (в отношении старшей сестры, но не брата; ср. карындаш I 2);
агасын көрүп, ини өсөт; эжесин көрүп, сиңди өсөт погов. глядя на старшего брата, растёт младший; гляда на старшую сестру, растёт младшая;
2. младшая родственница (в отношении старшей).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Аялдардын же кыз балдардын өзүнөн кичүү кыз бир тууганы. Эжеси кийген тонду сиңдиси да киет (макал).
2. Жалпы эле өзүнөн кичүү аялдар, кыздар (улуу аялдар, кыздарга карата). Сизге айтабыз тапшырма, Сиңдилериң биз мында (Нуркамал). Үйрөтүп Зуура жүргөндүр, Ээрчитип нечен сиңдисин (Үсөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аялдардын же кыз балдардын өзүнөн кичүү кыз бир тууганы. Эжеси кийген тонду сиңдиси да киет (макал). 2. Жалпы эле өзүнөн кичүү аялдар, кыздар (улуу аялдар, кыздарга карата). Сизге айтабыз тапшырма, Сиңдилериң биз мында (Нуркамал).