санитарно-гигиенический режим
САНИТАРДЫК ЖУГУШТУУ ООРУЛАРГА КАРШЫ (АЛДЫНАЛУУ) ИШЧАРА – айлана-чөйрө акыбалынын адамга тийгизген терс таасирин жоюуга же азайтууга, жугуштуу оорулар менен жугуштуу эмес жалпы дартка чалдыгуунун (уулануу) келип чыгуусуна жана анын таркап кетүүсүнө бөгөт коюуга багытталган уюштуруучулук, административдик, инженердик-техникалык, медициналык-санитардык, ветеринардык ж. б. чаралар.
Санитарно-противоэпидемические (профилактические) мероприятия
САНИТАРДЫК КОРГОО ТИЛКЕСИ – КР экологиялык мыйзамдары боюнча, жерге жакын аба катмарында бузуучу заттар кошундусунун талап кылынган ченемин камсыз кылууга, ишканалардын, унаа каражаттарынын, электр өткөргүчтөрүнүн ошол тегеректе жашаган калкка тийгизген терс таасирин азайтууга, шуулдак, дирилдөөнүн жогорку деңгээли, инфраүн, электромагниттик толкун, статисттик электр кубаты сыяктуу нерселердин физикалык таасирин төмөндөтүүгө арналган аймак. С. к. т-нде адамдардын туруктуу жана убактылуу жашоосуна тыюу салынат, чарбачылык иштерине чектөө тартиби киргизилет, радиациялык көзөмөл жүргүзүлөт.
САНИТАРДЫК ЧӨЛКӨМ (тоо-санитардык коргоо чөлкөм) – КР мыйзамдарына ылайык, чарба жүргүзүүдө, жашап турууда, жаратылышты пайдаланууда табигаттын дарылык касиеттерин коргоону жана сактоону жана аларга жакын жайгашкан саламаттыкты чыңдоочу жерлерди булгануудан жана эрте коромжу болуудан сактоону камсыз кылуучу режим орнотулган өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагы. Табигый дарылык касиеттери (арашан суулар, дарылоочу ылайлар ж. б.) жаратылыш байлыгына кирген саламаттыкты чыңдоочу жерлер жана курорттор үчүн тоо-санитардык тикелери белгиленет. Калган жагдайларда санитардык коргоо чөлкөмдөрү белгиленет. Саламаттыкты чыңдоочу жердин, курорттун, курорттук аймактын чегаралары санитардык коргоо анын сырткы чеги болуп саналат.
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КОРУТУНДУ – жашоо чөйрөсүнүн, чарбачылык ж. б. иш-аракеттердин, өндүрүмдөрдүн, жумуштун, тейлөө кызматынын, ошондой эле укуктук ченемдик акты долбоорлорунун, курулуш долбоорлорунун, пайдалануу жолжоболорунун таасир этүүсү боюнча санитардык эрежелерине ылайык келе тургандыгын (келбей тургандыгын) күбөлөндүрүүчү документ.
Санитарно-эпидемиологическое заключение
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛ – так көрсөтүлгөн маалда белгилүү бир аймактагы калк саламаттыгы менен жашоо чөйрөсүнүн абалы.
Санитарно-эпидемиологическая обстановка
САНИТАРДЫК ЭРЕЖЕ – айлана-чөйрө таасиринин адам үчүн коопсуздук жана/же зыянсыздык чен-өлчөмүн белгилей турган ченемдик акты. Баардык мамлекеттик органдар, өзүнүн баш ийүү жана менчик түрүнө карабастан юридикалык жактар, кызмат адамдары, жарандар С. э-ни сактоого милдеттүү.