Киргизско-русский словарь Юдахина
сабак I
ар. прям. , перен.
урок;
адабият сабагы урок литературы;
сабак бышыр- готовить урок;
бул маа сабак болду это мне послужило уроком.
сабак II
1. стебель, стебелёк;
гүл сабагы бот. цветоножка;
2. плеть (бахчевых культур);
коондун сабагы плеть дыни;
3. перен. строфа (в песне);
алым сабак состязание в песне-импровизации (несколько напоминающее турецкое "мани"; один поёт первую часть строфы или всю строфу, другой в рифму отвечает);
мектеп балдары менен алым сабак айтышты они устроили хоровой перепев со школьниками;
сабак ташта- пропев, вызвать кого-л. для исполнения песни;
ошол кишиге сабак таштап кетиңиз вы спойте и вызовите того вон человека;
узун сабак длинный разговор, длинная беседа;
алдыларында кымыз, узун сабакка түшүштү перед ними кумыс, они начали долгую беседу;
узун сабак кеп салды он долго рассказывал;
узун сабак ыр длинная песня.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Өсүмдүктөрдүн гүлү, мөмөсү же жалбырактары туташып өскөн бөлүгү. Ашкабактын сабагы. Алма сабагынан ашып түшпөйт (макал). Гүлдөр сабагынан үзүлүп түшө элек.
САБАК II зат. Ыр түрүндө жазылган чыгарманын бир бөлүгү. Эки сабак ыр. Ала дуңган, көк тамак, Айтылып өтсүн бир сабак (Тоголок Молдо). Медет бир сабак ыр жазып, Акматка окуп берди («Советтик Кыргызстан»).
САБАК III зат. 1. Окутуу ишинде өтүлүүчү ар кандай предметтер. Арифметика сабагы. География сабагы.
2. Окутула турган билим тармагына (предметтерге) карата ыйгарылып бөлүштүрүлгөн сааттар. — Бүгүн канча сабагың бар?деп сурады директор башталгыч класстардын мугалиминен («Ала-Тоо»).
3. Таалим, үлгү. Ак сакал болгон Токомдон Акындык сабак алган жер (Аалы).
4. өт. Кандайдыр бир окуядан, кырсыктан улам пайда болуп, кийин эске алууга байкай жүрүүгө туура келген ой, жыйынтык. Бул сен үчүн сабак болсун. Айгырдын уурдалышы бизге чоң сабак болду (Байтемиров).