ср.
пайдалануу, урунуу, колдонуу, жумшоо;
находиться в общем пользовании жалпынын пайдалануусунда болуу;
право пользования пайдалануу укугу.
ПАЙДАЛАНУУ – менчик ээсинин негизги укуктарынын бири. Буюмду урунуудан (мүлктү пайдалануудан, ал алып келүүчү кирешелерди жана натыйжаларды ж. б. алуудан) көрүнөт. П. укугунун чектери мыйзамда, келишимде же башка укуктук негиздер боюнча (м.: керээзде) белгиленет. Мыйзамдуу П. аргандай укук каражаттары, алсак, негатордук доо (пайдаланууга жолтоо болууларды жоюу жөнүндө) коюу жолу менен корголот. Башкалардын кызыкчылыгына зыян келтирүү менен пайдаланууга (укуктан кыянат П-га) тыюу салынат. П. укугуна буюмдун (мүлктүн) ээси эле эмес, анын мыйзамдуу ээлик кылуучусу (м.: ижарачы, туракжайдын жалдоочусу), ошондой эле бул менчиктин ээси же ээлик кылуучулары болбогон адамдар (пайдасына сервитут белгиленген адамдар) да ээ болушу мүмкүн.
ЖЕР КАЗЫНАСЫНАН ПАЙДАЛАНУУ – жер түпкүрүн иликтөөгө, кен байлыктарын казып алууга байланышкан, ошондой эле жер түпкүрүн кен казып алуу менен байланышпаган курулуштарды куруу жана курулмаларды пайдаланууга байланышкан аракеттер.
ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮН ПАЙДАЛАНУУ – жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине ээ болуу, же башка жолдор менен, адамдын материалдык жана руханий керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жаныбарларды жашаган чөйрөсүнөн ажыратуу менен же ажыратпастан эле ошол объекттерден пайда көрүү.