Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Болуп өткөн кандайдыр бир учур, факт, кубулуш. [Андрей] жүрөгүн толкуткан,.. окуяларды жомоктотуп айткысы келди (Сасыкбаев). Мына, бул окуя мындан алты күн илгери болгон (Жантөшев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОКУЯ – мыйзамда укук мамилелери менен байланыштырылуучу юридикалык фактылардын бир түрү. Адамдардын эркине жана аң-сезимине көзкарандысыз, объективдүү түрдө келип чыгуучу табигый кубулуштар (жагдайлар) окуя болуп эсептелет (суу ташкыны, жер титирөө, төрөлүү, өлүм д. у. с.). О-нын эркке башийбестик мүнөзү тууралуу кеп болгондо, анын келип чыгышынын себеби эмес, окуянын конкреттүү укук мамилелерине таасир көрсөтүү жүрүмү эсепке алынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОКУЯ БОЛГОН ЖЕРДИ КАРОО – жерди, орунжайды, нерселерди, документтерди жана башка материалдык объекттерди карап чыгуудан турган тергөө иш-аракети жана ал кылмыштын изин табуу, иш үчүн маанилүү болгон башка жагдайларды айкындоо максаттарында жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурларда О. б. ж. к-нун жүрүшүндө ченөө, фотосүрөткө тартуу, үн жазуу жана көрмө тартуулар жүргүзүлөт, пландар жана чиймелер чийилет, издердин кептери жана калыптары алынат, мүмкүн болгон учурларда ал үчүн мыйзам жол берген техникалык каражаттарды жана усулдарды колдонуу менен издердин өздөрү, нерселери же алардын бир бөлүгү менен кошо алынат. О. б. ж. к. калыс күбөлөрдүн катышуусу менен өткөрүлөт. Өзгөчө учурларда (баруу кыйын болгон жерлерде, тийешелүү техникалар жок болгон жагдайларда, ошондой эле кароону өткөрүү адамдардын денсоолугу жана өмүрү үчүн коркунучтуу болгондо) О. б. ж. к. калыс күбөлөрдүн катышуусу жок эле өткөрүлүшү мүмкүн.